Коом
Кыргызстанда юридикалык жардам көрсөтүү акциясы өтөт
Кыргызстанда «Менин конституциялык укуктарым» аттуу юридикалык жардам көрсөтүү акциясы өтөт.
Юстиция министрлигинен билдиришкендей, иш-чара 6-майда саат 10:00дѳн 16:00 чейин уюштурулат.
Акция өлкөнүн бардык аймактарында өтөт. Анда жарандарга социалдык пособия алуу, үй-бүлөлүк, жер, мурас жана башка маселелер боюнча консультациялык-укуктук жардам берилет.
Ииш-чара 5-май — Конституция күнүнө карата уюштурулууда.