Коом

5-майга карата аба ырайы

Жекшембиде республиканын көпчүлүк жерлеринде жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондорго кар түшүп, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +22…+27, Таласта +18…+23, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +21…+26, Ысык-Көлдө +17…+22, ал эми Нарын жергесинде +19…+24 градус жылыйт.
Бишкек менен Ошто жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Күндүн табы борбор калаада +24…+26, Ошто +22…+24 градуска жетет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button