Коом

Нурланбек Шакиев: Мыйзамга баш ийген укуктук мамлекетти курууну улантышыбыз керек

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев кыргызстандыктарды 5-май – Конституция күнү менен куттуктады.

Төраганын куттуктоосундо мындай деп айтылат:

«Урматтуу мекендештер!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин жана жеке өзүмдүн атымдан 5-май – Конституция күнү менен чын дилимден куттуктайм!

1993-жылдын дал ушул күнү эгемен мамлекетибиздин негизги Баш мыйзамы кабыл алынып, келечекке багытталган маанилүү кадамдар жасалган. Көз карандысыздыгын кайрадан калыбына келтирген кыргыз эли үчүн аталган алгачкы документ жаңыланууга жардамчы болуп, өз алдынча өнүгүүгө өбөлгө түзгөн. Бирде толуп, бирде бөксөргөн тарыхыбызда Конституциябыз негизги жол чырак катары кызмат кылды. Жаӊы курулган мамлекеттин пайдубалын түптөөгө, бийликтеги теӊ салмактуулукту жана өлкөнүн келечектеги башкы багытын аныктоого көмөкчү болгон.

Бирок, андан берки 31 жыл аралыгында бир топ өзгөртүүлөргө учурап, жаңыртылып келгени да жашыруун эмес. Баш мыйзамыбыздын акыркы редакциясы 2021-жылдын 11-апрелинде жалпы элдик добуш берүүгө сунушталган. Андагы түзөтүүнүн негизги максаты бийликтегилердин жоопкерчилигин арттырып, өлкөнүн өнүгүшүнө өбөлгө түзүү экендигин жарандарыбыз жакшы түшүнүп, демилгени колдоого алды. Азыркы тапта демократиялык чакырыктарга, ошол эле учурда улуттук баалуулуктарыбызга негизделген Конституциябыз ийгиликтүү колдонулууда. Баш мыйзамыбыздын алкагында саясий-укуктук реформалар ишке ашырылып, социалдык-экономикалык багыттарда алгылыктуу кадамдар жасалууда. Албетте бул чек эмес! Бардыгыбыз мыйзамга баш ийген укуктук мамлекетти калыптандырууну улантышыбыз керек.

Ардактуу мекендештер!

Сиздерди дагы бир жолу Конституциябыздын кабыл алынган күнү менен куттуктап, жергебизге тынчтык, элибизге ынтымак каалайм! Ар бирибиз мыйзам талаптарын бекем сактап, Кыргызстаныбызды өнүктүрүү үчүн талыкпай кызмат кыла берели».

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button