Коом

Этникалык кыргыздарга ЖОЖдордон 75 орун бөлүндү. Талаптары

Этникалык кыргыздардын Кыргызстандын жогорку окуу жайларында билим алуусу үчүн 75 квота бөлүндү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады.
Билдирмеге ылайык, сынакка Казакстан, Кытай, Өзбекстан, Тажикстан, Түркия жана Пакистандын жарандары болгон этникалык кыргыздар катыша алышат.
Сынактык тандоого катышуу үчүн талапкерлер министрликтин student.edu.gov.kg онлайн системасына катталып, «Чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздарды Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына 2024-2025-окуу жылында кабыл алуу» бөлүмүнө бардык керектүү документтерди жүктөшү керек.
Ошондой эле ушул жылдын 27-июну саат 23:59га чейин сайттагы милдеттүү болгон боштуктарды толтуруу зарыл. Алар:

паспорттун же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн (паспорт жок болгон учурда) нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү орус же кыргыз тилиндеги котормосу менен;

билими тууралуу документтин (аттестат же диплом) нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү орус же кыргыз тилине которулган тиркемелери менен;

үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалымат;

талапкерлердин академиялык тармактагы жетишкендиктерин тастыктаган сертификаттар, дипломдор (бар болсо).

медициналык күбөлүк 086;

ВИЧ/СПИД жок экендиги жөнүндө маалым кат.

Документтердин толук эмес топтомун камтыган арыздар автоматтык түрдө четке кагылары эскертилди.
Толугураак маалымат — edu.gov.kg

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button