Без рубрики

Жыл башында соода жайларын колдонуудан 1,6 млрд сом түштү

Кыргызстанда 346 базар бар. Алардын ичинен 290у күн сайын, 56сы жекшемби күндөрү иштейт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Базарлардын көбү, анын 85и Ош облусунда жайгашкан. Жалал-Абад облусунда 61, Ысык-Көл облусунда 12 базар бар, Бишкек шаарында 67 базар бар, алардын бирөө гана дем алыш күндөрү иштейт, калгандары күн сайын иштейт.

Ошол эле учурда, Бишкек шаарында көпчүлүк базарлар буюмдарды  сатууга адистешкен. 14ү тамак-аш, азык-түлүк сатса,  18и аралаш базарлар, алардан тамак-ашты да, кийим-кече да сатып алууга болот.

2024-жылдын биринчи кварталында өлкөнүн базарларындагы соода жайларын пайдалануу үчүн төлөмдүн жалпы суммасы 1,6 млрд сомду түздү.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button