КоомМаданият

Беларуста Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт

Беларуста Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баку шаарында өткөн VI Бүткүл дүйнөлүк маданияттар аралык форумуна алкагында маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу Беларустун маданият министри Анатолий Маркевич менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда Чыңгыз Эсенгул уулу Кыргызстандын маданият министри Алтынбек Максутовдун ушул жылдын июнь айынын биринчи жарымында Беларусияда Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүү боюнча өтүнүчүн билдирди. Беларус тарап сунушка макул болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкө ортосундагы маданий байланыштар терең тамырлап, маданият күндөрүн жана улуттук күндөрдү өткөрүү жалпы маданий жана маалыматтык мейкиндикти бекемдөөгө жана эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө жардам берерин белгилешти.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын маданият күндөрүнүн алкагында Беларуста кыргыз киносунун күндөрү, Кыргызстандын материалдык жана материалдык эмес маданий мурастарынын элементтеринин көркөм көргөзмөлөрү, кыргыз дизайнерлеринин кийимдеринин көрсөтүүлөрү, эки мамлекеттин интеллигенция өкүлдөрүнүн жолугушуулары жана Кыргыз искусство чеберлеринин гала-концерти пландаштырылган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button