Коом

Өмүрбек Текебаев германиялык ишкерлерди Кыргызстанга инвестиция салууга чакырды

Эрфурт шаарында Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев менен Тюрингия федералдык аймагынын премьер-министри Бодо Рамеловдун расмий жолугушуусу болуп өттү.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Тюрингиянын ортосунда эки тарапты кызыктырган бардык чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулады.

Элчи Текебаев азыркы учурдагы кыргыз-герман экономикалык кызматташтыгы, Кыргызстан менен Тюрингиянын ортосундагы жүргүзүлүп жаткан экономикалык иш-чаралар боюнча маалымат берип, Тюрингиянын ишкерлерин Кыргызстанга инвестиция салууга чакырды.

Тюрингиянын премьер-министри Бодо Рамелов Кыргызстан менен Тюрингиянын ортосундагы тыгыз карым-катнаштарты орноштуруунун маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргызстан менен Тюрингиянын тоо-кен тармагында, жаңы технологиялар жана билим берүү тармагында кызматташуусунун чоң потенциалы бар экендигин билдирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар үстүбүздөгү жылдын күзүндө тюрингиялык экономикалык делегациянын Кыргызстанга сапарын уюштуруу жана маданий-гуманитардык тармактагы кызматташтыкты мындан ары да бекемдөө маселелерине токтолушту.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button