Коом

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу май 2-3 сомго кымбаттады

Жыл башынан бери Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу май 2-3 сомго кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин мониторингинен маалым болду.

Ага ылайык, бензиндин А-95 үлгүсүнүн орточо баасы январда 70 сом болсо, апрелде 71-72 сом болду. Бензиндин А-92 үлгүсү 61-62 сомдон 64-65 сомго көтөрүлсө, А-80 үлгүсү 58-59 сомдун тегерегинде болууда. Дизель наркы жыл башынан бери 69-70 сомдон 72-73 сомго чейин кымбаттады.

Адистер баанын жогорулашын Россиядагы күйүүчү-майлоочу май саткан заводдордогу дүң баалар өсүп жатканы менен байланыштырууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button