Саясат

Президент Садыр Жапаров Барак эксклавынан көчүп чыккандар үчүн жаңы айылдын курулушун баштап берди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-майда Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Барак эксклавынан көчүп чыккан кыргызстандыктар жашай турган Жаңы-Барак жаңы айылынын түптөлүшүнө «мезгил кутусун» салуу салтанатына катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө бул күндүн бардык кыргызстандыктар үчүн тарыхый маанисин белгиледи, анткени Барак айылы Өзбекстандын аймагында жайгашкан эксклав болгондуктан, анын тургундары жарым-жартылай обочодо калып, көп жылдардан бери өз Ата Мекенине кирип-чыгууда кыйынчылыкты аябай эле тартышты.

Мамлекет башчысы 2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында “Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым чек ара тилкелерин делимитациялоо жөнүндө” келишимге кол коюлганын эске салды.

Президент Садыр Жапаров Барак тургундарын Кыргызстандын жаңы аймагына көчүрүү — алардын жашоо шартын жана жай турмушун жакшыртууга карай маанилүү кадам болорун баса белгиледи.

Башкы планга ылайык, 38 гектар аянтка Жаңы-Барак жаңы айылынын курулушу башталат. Башкы планда 164 жаранга турак үй куруу үчүн 8 сотыхтан жер тилкесин берүү, 101 жаңы үйдүн курулушу, ошондой эле жаңы айылдын тургундарынын жашы жеткен балдарына жер участокторун бөлүп берүү каралган. Үйлөрдүн курулушун 31-августка чейин бүтүрүү пландалууда.

Долбоордун маанилүү бөлүгү жалаң гана турак жайларды эмес, социалдык инфраструктураны да түзүү, анын ичинде мектепти, көп кабаттуу турак үйдү, спорттук объекттерди жана медициналык пунктту куруу болуп саналат, бул жаңы айылдын жашоочулары үчүн толук кандуу жана өнүккөн жер болушуна мүмкүндүк берет.

Мамлекет башчысы эгемендик алгандан бери чек ара көйгөйлөрүнө карабай, киндик кан тамган жерин таштап көчүп чыгып кетпей, Баракта туруктуу жашап келген кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирди

Президент Садыр Жапаров чек арадагы айылдарыбыз ар дайым өлкө жетекчилигинин көңүл чордонунда экенин баса белгилеп, Жаңы-Барак жашоочуларын жаңы айылды өнүктүрүү үчүн биргелешкен аракеттерге чакырды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button