КоомМаданият

Кыргызстанда 17,8 млн сомго сериал тартуу пландалууда. Тендер жарыяланды

Өлкөдө 17,8 миллион сомго сериал тартуу пландалууда. Ал үчүн Маданият министрлигине караштуу Кинематография департаментинин «Кыргыз сериал» мамлекеттик мекемеси тендер жарыялаган.
Маалыматка ылайык, көркөм чыгарма детектив жанрында болуп, сметалык баасы 17 миллион ​​881 миң 817 сомду түзөт.
Анда бекитилген сценарийдин негизинде «Тайган туйгун» көркөм сериалын уюштуруу жана тартуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр сатып алынары белгиленген.
Тендердик сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү — 10-май.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button