![](https://kadam-media.kg/wp-content/uploads/2024/05/фыывф.jpg)
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров массалык иш-чараларды уюштурууга балдарды тартууга тыюу салууну тапшырды.
Тиешелүү тапшырма министрлер кабинетинин аппараттык жыйынында берилди. Буга жакында Сузак районунда катталган кырсык себеп болгон.
Эске салсак, 2-майда Катмы жайлоосунда манас айтып жаткан балдарды Porter автоунаасы жылып кетип сүзгөн. Кырсыктан 35тей бала жабыркаган. Айдоочу токтоп турган машинасы жылып кеткенин, артынан чуркап, токтотконго жетишпей калганын айткан. 5-майда Hyundai Porter автоунаасынын айдоочусу үй камагына чыгарылган.