Коом

8-майда Бишкектин бир бөлүгүндө суу болбойт

8-майда Бишкектин бир бөлүгүндө суу болбойт. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирет.

Маалыматка ылайык, эртең, 8-майда саат 9:00дөн 21:00гө чейин Садовая көчөсү – Чүй проспекти – Ч. Валиханов көчөсү – темир жол линиясы, 7-Апрель көчөсү – Ауэзов көчөсү– Исакеев көчөсү – Ч.Валиханов көчөсү менен чектешкен аймактарда, ошондой эле Учкун конушу жана Учкун кичи районунда суу берүү токтотулат.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button