Коом

УКМК: Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын атайын кызматынын жетекчилери жолугушту

2024-жылдын 6-майында Өзбекстан Республикасынын Фергана шаарында КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары –Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы К.Ташиев, Тажикстан Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы С.Ятимов  жана Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын төрагасы А. Азизовдун жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Жолугушуунун  жүрүшүндө тараптар ачык жана конфиденциалдуу түрдө аймактык коопсуздукту камсыз кылуу көйгөйлөрүнүн бардык комплексин кеңири талкуулашты. Терроризмге, экстремизмге, баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө, мыйзамсыз миграцияга, контрабандага жана транс чек аралык мүнөздөгү башка коркунучтарга каршы күрөшүү сыяктуу актуалдуу чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүүнүн абалы жана келечеги боюнча пикир алмашуу болду. Мындан тышкары, тараптардын мамлекеттеринин ортосундагы чек ара кызматташтыгы жана  коңшулук мамилелерди өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү маселелери козголду.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араларды делимитациялоого байланышкан күн тартибиндеги маселелер, ошондой эле Кыргыз Республикасы жана Өзбекстан Республикасынын ортосундагы чек араны демаркациялоо маселелери конструктивдүү түрдө каралды.

Жолугушуунун катышуучулары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана өзбек-кыргыз мамлекеттик чек арасын демаркациялоо процесстерин тездетүү боюнча макулдашууларга жетишип, тараптардын өз ара кызыкчылыктарынын негизинде бул маселелерди чечүү боюнча практикалык чаралар белгиленди.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиясынын мүчөлөрүнө чек аранын калган участокторун макулдашуу, тиешелүү эки тараптуу келишимди даярдоо жана кол коюу боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button