Коом

Акылбек Жапаров «Кумтөр» компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Алгач «Кумтөр» ишканасынын жетекчилик курамы менен жыйын өткөрдү. Анда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кендин үзгүлтүксүз жана натыйжалуу иштешинин, ошондой эле бардык алдыга коюлган пландардын аткарылышынын маанилүүлүгүн белгиледи.

Андан соң ишкананын машина оңдоочу жайына барып, жаңы экскаваторлорду куроо жана май куйуучу бекеттердин абалы менен таанышты. Маалым болгондой, Кумтөрдүн май сактоочу кампаларын жана май куючу бекеттерин автоматташтыруу долбооруна ылайык канча күйүүчү май колдонулганы тууралуу дыкат көзөмөлдөн өтөт. Учурда кендеги өндүрүштү үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн 800дөн ашуун ар кандай техникалар, транспорт каражаттары жана жабдыктар колдонулат.

Ошондой эле Акылбек Жапаров Кумтөрдүн негизги карьерине барды. Мында кен казуу иштери жана жер астынан алтын казуу долбоору кызуу жүрүүдө.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын февралында Кумтөр кенинде алтынды жер астынан казып алуу долбоорун баштоого старт берилген. Жер астынан 115 тоннага жакын алтын чыгарууга мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары, ишкананын алтын ылгоочу фабрикасынын иши менен таанышуу учурунда кирип чыккандарды дыкат көзөмөлдөгөн рентген аппараты сыяктуу жаңы жабдыктар орнотулганы айтылды.

Андан соң, калдыктарды сактоочу жайы тууралуу маалыматта 2026-жылдан тартып кендин калдык сактоочу жайында жайгашкан руда калдыктарынан алтын казып алууну баштоо пландалып жатканы айтылды. Алдын ала эсептөөлөр боюнча кошумча 120 тонна алтын алууга мүмкүндүк берет.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча Кумтөр кенинен 13,567 тонна алтын өндүрүлгөн. Анда компаниянын жалпы кирешеси 848 млн доллар болсо, таза кирешеси 302,5 млн долларды түзгөн.

Кумтөр кенинин ишмердүүлүгү менен жеринде таанышып чыккан Акылбек Жапаров, Кумтөр кенин иштетүү мамлекетке өткөндөн кийин бир топ өзгөрүүлөр болуп жатканын билдирди. Маселен, өткөн жылы өлкөнүн бюджетине салыктар, социалдык төлөмдөр жана башка төлөмдөр түрүндө 17,2 млрд сом түшкөн. Ал эми, жалпы кызматкерлердин саны 3 миңден ашуун болсо, анын 99,9 пайызы жергиликтүү адистер.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button