Кылмыш-кырсык

ИИМ: Издөөдө жүргөн телефон алдамчылардын кылмыштуу тобунун эки мүчөсү кармалды

Буга чейин ички иштер органдары тарабынан алдамчылардын эл аралык кылмыштуу тобунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлгандыгы тууралуу маалымдалган.
2024-жылдын февраль айында белгисиз топ алдамчылык жолу менен бир нече миллион сомдук шылуундук кылган.
Кылмышка шектүүлөр жарандарды, көбүнчө улгайган тургундарды алдап, телефон аркылуу өздөрүн туугандарыбыз деп тааныштырып, кырсыкка кабылдык деп айтып, курьер аркылуу акча которууну же ар кандай банктык эсептерге акча каражатын которууну суранышкан. Ошентип, алар ондон ашык тургундардан ири суммадагы акча каражатын алууга үлгүрүшкөн. Бул алдамчылык учурлар коомчулукта чоң резонанс жараткан.
ИИМдин ыкчам-иликтөө жана тергөө кызматтары тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында бир нече өлкөнүн жарандарынан турган уюшкан кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдирди.
Бишкек шаарынын аймагында тинтүү иштери жүргүзүлүп, кылмышка шектүүлөргө тиешелүү ноутбуктар, уюлдук аппараттар, уюлдук операторлордун сим-карталары, эстутум карталары, дисктер, накталай акча каражаттары жана банк карталары алынган.
Топтолгон материалдардын негизинде КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 1-бөлүмү “ Уюшкан топту түзүү же ага катышуу” боюнча кылмыш иши козголгон. Бул кылмыштуу топтун алдамчылык аракеттеринен жапа чеккен 17ге жакын жаран милицияга кайрылган. Келтирилген зыян бир нече миллион сомду түзөт.
Аталган кылмыштуу топтун бир нече мүчөсү качып кетүүгө үлгүрүп, жогорудагы берене менен издөө жарыяланган.
2024-жылдын 6-майында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун аймагынан мурда издөөдө жүргөн: 2003-жылы туулган К.И. жана 2003-жылы туулган С.Н. кармалып, тергөө кызматына жеткирилген. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Белгилей кетсек, кармалган жарандар эл аралык мелдештерде биринчи байгелүү орундарды ээлеп жүргөн экстремалдык спортчулар.
Учурда тергөө иштери уланууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button