Коом

Кыргыз-тажик чек арасында курал пайдаланылган окуя катталды

Бүгүн кыргыз-тажик чек арасында курал пайдаланылган окуя катталды. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, саат 12:20 чамасында Баткен облусунун Лейлек районунун Ак-Босого калктуу конушуна жакын жерде Кыргызстандын чек арачылары Тажикстандын малчыларын байкаган. Алар Кыргызстандын аймагында мал кайтарып жүрүшкөн.
«Кыргызстандын аймагынан чыгууну талап кылган чек арачыларды Тажикстандын жарандары көңүлгө албай, тескерисинче, аскер кызматчыларын көздөй таш ыргытышкан. Чабандардын бири Кыргызстандын чек арачыларын көздөй 2-3 жолу ок чыгарган», — деп айтылат маалыматта.
Кыргызстандын чек арачылары асманды көздөй эскертүүчү ок чыгарышканда чабандар Тажикстандын аймагына качып кетишкен.
Кыргызстандын чек арачылары арасында жаракат алгандар болгон жок. Такталбаган маалыматтарга караганда, Тажикстандын бир жараны бутунан жаракат алган. Бирок коңшу өлкөнүн укук коргоо органдарынын кызматкерлери сүрөт гана жөнөтүшкөндүктөн бул жаран кандай жагдайда, качан жана кай жакта жаракат алгандыгы белгисиз.
Жакын арада Чек ара өкүлчүлүктөрүнүн жолугушуусу күтүлүүдө.
Учурда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги жагдай туруктуу деп мүнөздөлүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button