Коом
8-майга карата аба ырайы
Шаршембиде республика аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +25…+30, Ош, Жалал-Абад облустарында жана Баткен жергесинде +26…+31, Талас аймагында +23…+28, Ысык-Көл жана Нарын өрөөндөрүндө +20…+25 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +27…+29, Ош шаарында +29…+31 градуска чейин көтөрүлөт.