Коом

Бишкекте көрктөндүрүү эрежесин бузгандарга бир күндө 700 миң сом айып салынды

Бишкек шаардык мэриясындагы Муниципалдык инспекция бир күндүн ичинде борбор шаарда көрктөндүрүүнү бузган тараптарга 702 миң 500 сом айып салды. Бул тууралуу шаардык мэрия маалымдады.
Борбор калаадагы көрктөндүрүү объектилерин сактоо боюнча рейд 6-майда өткөн. Анда 55 протокол түзүлгөн. Айып негизинен жашоочуларга жана чарбалык субъектилерге жазылган.
Шаар мэриясы тургундарды, чарба жүргүзүүчү субъектилерди Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин сактоого чакырды. Болбосо мыйзам бузуучуларга Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык, айып пул салынары эскертилди.
«Тазалыкты жана тартипти, санитардык жана экологиялык нормаларды сактоону суранабыз», — дешти мэриядан.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button