Кылмыш-кырсык

УКМК: Ош облусунда “Шрек” каймана аттуу эл аралык баңгизат тобунун лидери кармалды

УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында кылмыштуу чөйрөдө коңшу мамлекеттер менен баңгизаттарды жеткирүү боюнча эл аралык канал уюштурган «Шрек» каймана аты менен белгилүү болгон баңгибарон кармалды.


2024-жылдын 29-апрелинде Ош шаарынын аймагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жараны Я.М.М. кармалып, андан 1 кг салмактагы «Гашиш» баңги заты табылып, алынды. Кармалган жаран КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Колдо болгон ыкчам маалыматтарга ылайык, Я.М.М. Ош облусунун негизги баңги өндүрүүчүлөрүнүн бири болуп саналат, баңги агымынын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөйт, кылмыштуу иштерин болсо уюшкан кылмыштуу топтордун лидерлеринин колдоосу астында жүргүзүп келген. Мындан тышкары, Я.М.М. уюшкан кылмыштуу баңги топторунун лидери катары ИИМдин каттоосунда турат. Буга чейин Россия Федерациясынын аймагында героин түрүндөгү наркотикалык каражаттарды сатуу жана сактоо үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган.
Белгилей кетсек, КР УКМК баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөштү улантууда.
Жогоруда аталган Я.М.М. аттуу жарандын кылмыштуу иш-аракеттеринен жабыр тарткандар болсо Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине: 0312 660475, 0312 626504, 03222 70009 байланыш номурлары аркылуу кайрылыңыз.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button