Коом

Жеңиш күнүнө карата Бишкекте кандай иш-чаралар өтөт. Программа

Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгын белгилөөнүн алкагында Бишкектин ар кайсы жерлеринде иш-чаралар өткөрүлөт. Мэрия иш-чаралар өтчү жерлердин тизмесин сунуштайт.

9-майда саат 10:00дө Жеңиш аянтында Өчпөс отко гүл коюу менен митинг-реквием болот. Ошондой эле «солдат» боткосу жана майрамдык концерт уюштурулат.

Борбор калаанын райондорунда, тактап айтканда, Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркында, Чолпонбай Түлөбердиев атындагы жана Панфилов атындагы сейил бактарында концерттик программаны уюштуруу менен майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт.

Мындан тышкары, борбор калаадагы бардык билим берүү уюмдарында эсте каларлык датага байланыштуу ачык сабактар, сынактар жана башка иш-чаралар өткөрүлүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button