Коом

«Тазалык» ишканасы 100дөн ашык атайын техника сатып алат

“Тазалык” ишканасы жолдорду тазалоочу жана жууп-тазалоочу жаңы атайын техникаларды сатып алды. Шаар мэри Айбек Жунушалиев орун басары  Рамиз Алиев менен биргеликте тесттик режимде атайын техниканын иштешин текшерди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, бул тазалоочу машиналар көчөлөрдү тазалоого, жолдорду жана тротуарларды таза кармоого арналган. Ал ар кандай таштандылар, чаң, кир жана башка булгоочу заттар менен натыйжалуу күрөшүүгө мүмкүндүк берген жууп жана шыпыруу функцияларына ээ.

“Атайын унаалар жолдун бордюрларын тазалоого катышкан “Тазалык” ишканасынын кызматкерлеринин коопсуздугун камсыздайт. Бүгүнкү күндө бул атайын техниканын 4 даанасы сатылып алынды. Жакынкы 2-3 айдын ичинде Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бөлүнгөн каражатка 100дөн ашык атайын техника сатып алуу пландалууда”, — деп айтылат маалыматта.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button