Кылмыш-кырсык

УКМК: “Йакын-Инкар” диний-экстремисттик кыймылынын активдүү мүчөлөрү жашаган даректерде тинтүү иштери жүргүзүлдү

2024-жылдын 4-майында УКМК тарабынан Ош ОИИБнын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери менен биргеликте, диний-экстремисттик уюмдарга каршы аракеттенүү боюнча ыкчам — издөө иш-чараларынын жүрүшүндө «Йакын-Инкар»диний-экстремисттик агымынын активдүү мүчөлөрүнүн жашаган даректеринде тинтүү иштери жүргүзүлдү.

                

            
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 76 материал табылып, 51 китеп, 10 жарнамалык журнал, 2 телефон, 3 DVD диск, 3 кассета, 5 флеш-карта алынды.


Табылган китептердин айрымдары КР аймагында тыюу салынган “Йакын-Инкар” диний-экстремисттик агымына таандык. Мындан улам, алынган предметтер КР Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматына тиешелүү экспертизага жөнөтүлүп, анын жыйынтыгы боюнча «Йакын Инкар» диний — экстремисттик кыймылынын активдүү мүчөлөрүнө карата КР Кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык укуктук чаралар көрүлөт.
Белгилей кетсек, жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын жүрүшүндө аталган кыймылдын мүчөлөрүнүн бири А.А., «Йакын Инкар» диний-экстремисттик кыймылынын радикалдык-экстремисттик идеологиясынын зыяндуулугун толук түшүнүп, мындан ары аталган уюмга мүчөлүктөн өз ыктыяры менен баш тартты.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button