Коом

Бишкектеги «Элдердин достугу» эстелигин оңдоого 32 млн сом жумшалат

Панфилов паркындагы “Элдердин достугу” эстелигин оңдоого 32 млн сом сарпталат. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.

Тендерди Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялаган.

Техникалык тапшырмада, дубалдардын жана жабуулардын каптоолорун демонтаждоо, андан кийин аларды кайрадан мрамор же травертин менен жабуу ж.б айтылган.

Белгилеп кетсек, арыздар 21-майга чейин кабыл алынат. Ал эми тендерди уткан тарап оңдоо иштерин ушул жылдын 20-августуна чейин бүтүрүшү керек.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button