Коом

Өлкөдөгү адал индустрияны жөнгө салган мыйзам кабыл алынды

Жогорку Кеңеш адал индустрияны (халал) жөнгө салган мыйзамды кабыл алды. Жаңы мыйзам адал продукцияларды жана кызматтарды өндүрүүнүн жана сатуунун укуктук негиздерин белгилейт. Ошондой эле, сапатты жана стандарттарга шайкештигин көзөмөлдөө механизмдерин аныктайт.

Халал индустриясы жөнүндөгү мыйзам Кыргызстанда бул тармакты өнүктүрүүгө салым кошо турган ачык-айкын жана эффективдүү системаны түзүүгө багытталган. Ал халал жаатындагы мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын аныктайт, продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүүчүлөргө жана жеткирүүчүлөргө талаптарды белгилейт, маркалоо жана сертификация маселелерин жөнгө салат.

Эске салсак, “Кыргыз Республикасындагы халал индустриясы жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи жолу 2021-жылдын апрель айында Экономика жана каржы министрлиги тарабынан коомдук талкууга коюлган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button