Саясат

Садыр Жапаров өлкө үчүн жумушчулардын мобилдүүлүгү өтө маанилүү экендигин айтты

Президент Садыр Жапаров ЕАЭБдин юбилейлик саммитинде Кыргызстан үчүн жумушчулардын мобилдүүлүгү принципиалдуу мааниге ээ экенин айтып, аталган уюм жөнүндө келишимдердин жоболорунун бузулушуна, начарлашына жол бербөөгө чакырды.
«Биздин бирикменин беделине олуттуу зыян келтирүүгө мүмкүнчүлүк жаратпашыбыз керек. Жарандарыбыздын ишенимин бекемдеп, бирдиктүү эмгек рыногун түзүү боюнча ишти улантышыбыз шарт», — деди президент.
Анын айтымында, эмгек ресурстарынын мобилдүүлүгү жана эмгек рыногунун жагымдуулугу көбүнчө өлкөлөр жүргүзгөн миграциялык саясатка байланыштуу болгондуктан эмгек миграциясын жөнгө салуучу улуттук мыйзамдарды иштеп чыгууда өтө кылдат жана олуттуу мамиле зарыл.
«Биздин өлкөлөр кадрларды даярдоо жаатында активдүү кызматташтыкты өнүктүрүүсү зарыл деп эсептейм. Биргелешкен компетенттүү борборлорду түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгышыбыз керек, анда жаңы билимдерди издөө, аларды өткөрүп берүү боюнча күч-аракетибизди бириктире алабыз», — деди мамлекет башчы.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button