Коом

Экстремизмди жана терроризмди алдын алуу боюнча комплекстүү иш-чаралар өткөрүлөт

2024-жылдын 6-майында 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын жана 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасын ишке ашыруу максатында ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жолугушуу өткөрүшүп, анда комплекстүү алдын алуу иш-чараларын өткөрүү боюнча макулдашышты. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда тараптар жарандар арасында экстремизмди жана терроризмди алдын алуу боюнча комплекстүү иш-чараларды чогуу өткөрүүнү демилгелешип, бул багытта бир катар иш-чараларды уюштуруу зарыл экендигин белгилешти.

Андан сырткары, салттуу ислам баалуулуктары, экстремизмди жана терроризмди алдын алуудагы маселелер, экстремизм менен күрөшүүдөгү багыттар, алардын бүгүнкү күндөгү шарттары тууралуу маалыматтар айтылып, азыркы коомдо экстремизмди болтурбоо үчүн милиция кызматкерлери диний кызматкерлер менен бирдикте иш алып баруу керектиги белгиленди.

Жакында, республиканын аймагында милиция кызматкерлери дин өкүлдөрү менен биргеликте бирдиктүү иш-чараларды өткөрө башташат.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button