Коом

Адылбек Бийбосунов ооруктун ардагерлерин жана эмгекчилерин Улуу Жеңиш күнү менен куттуктады

Кечээ, 8-майда Жеңиш күнүн утурлай Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов жана ИИМдин Кадрлар башкы башкармалыгынын жетекчиси Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Туркенакун Бейшенбаев менен тылдын эмгекчиси Чоюнбек Сагынбаевге барышты. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдирди.

Туркенакун Бейшенбаев 1942-жылдын аягында, жаш кезинде эле фронтко кеткен. Ал 1945-жылдын май айына чейин согушкан. Украинадагы согуш учурунда жарадар болуп, ооруканага түшкөн. Калыбына келгенден кийин Беларусь, Румыния, Молдавия, Венгрия жана Чехословакияны бошотуу боюнча салгылашууларга катышкан. Согуш аяктагандан кийин Туркенакун ири кампаны ташуу боюнча жумушка кетип, 1946-жылдын августунда гана үйүнө кайтып келген. Жакында 100 жашка чыгат.

Чоюнбек Сагынбаев 1931-жылы Аламүдүн районуна караштуу Кашка-Суу айылында туулган. Анын балалыгы жана жаштыгы согуш жылдарына туура келген. Атасы фронтко кетип, Чоюнбек жаш кезинен бери апасы менен талаада эмгектенүүгө аргасыз болгон. Ал согуштун балдары жана ооруктун эмгекчилери деп аталгандардын бири болуп калды.
Согуш бүткөндөн кийин милиционер болуп иштеп, татыктуу эс алганга чейин иштеген. Ош облусунун ички иштер башчысынын орун басары учурунда милициянын полковниги наамында пенсияга чыккан.

Коноктор Улуу жеңиштин ардагерлерин чын жүрөктөн куттуктап, аскердик эрдиги жана Улуу Жеңишти багындырууга кошкон жеке салымы үчүн ыраазычылык билдиришти. Келгендер ардагерлерге гүл жана белектерди беришти. Достук маекте улуу муундун өкүлдөрү өмүр баяны менен бөлүшүп, согуш мезгилин эскерип, камкордугу жана көңүл буруусу үчүн ыраазычылык билдиришти.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button