КоомСпорт

Кыргызстандык альпинист Эдуард Кубатов Гиннестин рекорддор китебине кирди

Кыргызстандык альпинист Эдуард Кубатов Гиннестин рекорддор китебине кирди. Бул тууралуу Guinness World Records расмий сайтында жарыялады.

Маалыматта айтылгандай, “Манаслу чокусуна кошумча кычкылтексиз чыккан эң кары адам 1972-жылы 2-январда туулган кыргызстандык Эдуард Кубатов болгон. Ал буга 2022-жылдын 1-октябрында 50 жаш 273 күндүк курагында жетишкен.

“Кабар” агенттиги учурда Гималайда алдыдагы чокуларды багындыруу үчүн жүргөн альпинист, Кыргызстандын альпинизм федерациясынын президенти Эдуард Кубатов менен байланышты. Маегинде Эдуард Кубатов Гиннестин рекорддор китебине киргенин Гималайда чогуу жүргөн журналист Илим Карыпбековдон укканын айтты.

“Мен бул жагымдуу жаңылыкты Илим Карыпбековдон уктум. Азыр мен 7700 метр бийиктиктеги тоодон түшүп, базада эс алып жатам. Алдыда дагы 8 миң метрден жогору турган эки чоку бар. Ден соолукту чыңдап алып, ага чыгууга багыт алабыз. Кудай буюрса, ийгиликтер коштоп, чокуну багындырсак, 1-июлда Кыргызстанга кайтып барам. Ошондо кеңири маалымат берем”, — деди ал.

Белгилей кетсек, кыргыз экспедициясы Гималай тоосундагы 8163 метр бийиктиктеги Манаслу чокусун эки жыл мурда багындырышкан. Алардын ичинен бул чокуга үч альпинист, анын ичинде Кубатов да кычкылтектин жардамысыз чыгышкан болчу. Ийгиликтүү экспедицияны альпинисттер Кыргызстанга, “Манас” эпосуна жана Баткенге арнашкан эле.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров Эдуард Кубатов менен 11-апрелде жолугушкан. Анда альпинист апрель айынан июль айына чейин дүйнөдөгү эң татаал үч — Лхоцзе, Макалу жана К2 чокуларына кычкылтексиз чыгууну пландап жатканын айткан. Садыр Жапаров Эдуард Кубатовго Кыргызстандын желегин тапшырып, чокуларды багындырууда ийгиликтерди каалаган.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button