Коом

Кыргызстанда жумуртка импортун убактылуу чектөө сунушталды

Кыргызстан өлкөгө тооктун жумурткасын ташып келүүгө убактылуу алты ай тыюу салууну каалайт. Тишелүү документ коомдук талкууга коюлду.

Токтом долбоорунун максаты — өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүккө рыноктук бааны турукташтыруу. Ошондой эле, ички рыноктун иштешин, жазгы-жайкы жана жай-күз мезгилинде ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо болуп эсептелет.

Негиздеме-маалымкатта айтылгандай, Кыргызстанда жумуртка өндүрүү 90-100%га жеткен. Ал эми жай-күз мезгилинде республиканын чарбаларында жумуртка өндүрүүнүн өсүшү байкалат. Ошол эле учурда бул мезгилде азык-түлүк коопсуздук талаптарына жооп бербеген продукцияны өлкөгө алып келүү коркунучу күчөйт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button