Без рубрикиКоомКылмыш-кырсык

УКМК: Жалал-Абадда баасы 412 млн. сомдон жогору бааланган базарлардын бири мамлекетке кайтарылды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, УКМК тарабынан Жалал-Абад шаарынын аймагында жер тилкелерин, өндүрүш жана соода аянттарын мыйзамсыз берүү жана сатып алуу менен байланышкан кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында Жалал-Абад шаарынын борбордук базары, баасы 412 111 000 сомду түзгөн «Шабдалы-Зар»соода-базар комплекси мамлекеттин менчигине кайтарылды.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө «Шабдалы-Зар» соода-базар комплекси жайгашкан жер тилкеси  Жалал-Абад шаарынын мамлекеттик администрациясынын (мэрия) буйругуна ылайык, 1994-жылы «Дустлик» ААК менен аффилирленген жеке компанияга бөлүнүп берилген, ал жердеги акциялардын контролдук пакетинин 85%ы Кыргызстандагы өзбек коомчулугунун мурдагы лидери К.А. Батыровго таандык болгон. Деген менен, КР Жер кодексине (1994-жылдын редакциясына) ылайык, шаардык мамлекеттик администрациянын мамлекеттик жер тилкелерин бөлүп берүүгө (сатууга) укугу жок болгон, анткени мындай укукка Эл депутаттарынын шаардык  совети (шаардык кеңеш) ээ болгон.

Тактап айтканда, аталган жер тилкеси К.Батыровго мыйзамсыз сатылып,  ал өз кезегинде 2009-жылы жалган бүтүм аркылуу КР жарандары М.А. жана Р.Ш. (К.Батыров менен аффилирленген жактар) менен сатып алуу-сатуу келишимин түзгөн. Бул боюнча кылмыш ишинин материалдарына тиркелген архивдик документтер далилденген. Маалым болгондой, аталган аймак бир нече жылдар бою соода базары катары колдонулган.

Азыркы учурда жергиликтүү бюджетти колдоо жана шаарды көрктөндүрүү үчүн КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан «Шабдалы-Зар» соода-базар комплексин Жалал-Абад шаарынын мэриясынын балансына өткөрүп берүү процесси жүрүп жатат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button