Коом

УКМК: Ысык-Ата районундагы мыйзамсыз майнинг-ферманын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

УКМК тарабынан энергетика тармагындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу жана  өлкөдөгү электр энергиясынын олуттуу тартыштыгын эске алуу менен жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун аймагында майнинг-ферманын (криптовалюта алуу боюнча өндүрүш) мыйзамсыз ишмердүүлүгү аныкталып,  бөгөт коюлду.

Алсак, КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган, “Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри” автоматташтырылган маалыматтык системасында катталган материалдардын алкагында майнинг-фермалардын иштерин уюштуруу үчүн 700дөн ашык жабдуу алынган.

Тактап айтканда, майнинг-фермалардын ээлери Кыргыз Республикасынын «Виртуалдык активдер жөнүндө» мыйзамына ылайык, расмий каттоодон өтпөстөн, милдеттүү сертификатты албастан, каттоо үчүн жыйымдарды, ошондой эле башка төлөмдөрдү төлөбөстөн криптовалюталарды казып алууну уюштурушкан.

Учурда аталган мыйзамсыз аракетке тиешеси бар бардык адамдарды, ошондой эле мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Кошумчалай кетсек, учурда жеке менчик кичи ГЭСте өндүрүлгөн бардык электр энергиясы КР мыйзамдарынын негизинде колго түшүрүлгөн тоо-кен техникасынын энергия булагы болуп эсептелинип, калкка багытталган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button