Коом
Ала-Букада районунда 70 орундуу заманбап медициналык борбор ачылды
Ала-Букада районунда 70 орундуу заманбап медициналык борбор ачылды. Бул тууралуу Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, медициналык жай Аксы, Ала-Бука жана Чаткал районунун калкын тейлөө мүмкүнчүлүгү бар.
Имарат эки жылда курулган. Анда хирургия, терапия, гинекология бөлүмдөрү, диагностикалык борбор жана компьютердик томография аппараттары орнотулган.