Спорт

Кыргызстандык дагы бир балбан Париж Олимпиадасына катышууга жолдомо утуп алды

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү Үзүр Жусупбеков Түркияда өтүп жаткан Дүйнөлүк лицензиялык турнирде Париж Олимпиадасына жолдомо утуп алды.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, кыргызстандык балбан 97 кг чейинки салмак чен бирдигинде 1/16 баскычынан баштады.

Алгачкы беттешинде болгариялык балбанды жеңип, кийин финляндиялыкка утулуп калган. Бирок атаандашы финалга чыккандыгына байланыштуу көңүл жубатуучу беттеш өткөргөнгө мүмкүнчүлүк алган. Анда биринчи беттешинде хорватиялык спортчуну мөөнөтүнөн мурда жеңип, кийин япониялык балбанды 8:0 эсебинде артта калтырды.

Ал эми Олимпиадага жолдомо үчүн беттеште немис балбанын жеңип, аны менен бирге Кыргызстандын куржунуна 10 (онунчу) лицензияны кошту.

Эскерте кетсек, буга чейин ата мекендик спортчулар Олимп оюндарына 9 жолдомо уткан. Анын ичинен спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча 8 лицензия бар болчу.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button