Кылмыш-кырсык

УКМК: Ош облусунда “Йакын-Инкар” диний-экстремисттик агымынын активдүү мүчөлөрү жашаган 7 даректе тинтүү иштери жүргүзүлдү

2024-жылдын 7-майында КР УКМК Ош облусунун ИИБнын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери менен биргеликте, диний-экстремисттик уюмдарга каршы күрөшүү боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө “Йакын-Инкар” диний-экстремисттик агымынын активдүү мүчөлөрү жашаган 7 турак жайда тинтүү иштерин жүргүздү. Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз борборунан билдиришти.


Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 126 материал табылып, анын ичинен 95 китеп, 12 дептер, 18 журнал , 1 күндөлүк, 1 уюлдук телефон алынды.
Алынган материалдардын айрымдары КР аймагында тыюу салынган “Йакын-Инкар” диний-экстремисттик агымына таандык. Мындан улам, аталган предметтер КР Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматына тиешелүү экспертизага жөнөтүлүп, анын жыйынтыгы боюнча «Йакын Инкар» диний — экстремисттик кыймылынын активдүү мүчөлөрүнө карата КР Кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык укуктук чаралар көрүлөт.
Белгилей кетсек, жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын жүрүшүндө аталган кыймылдын мүчөлөрүнүн бири А.Ш.Д., «Йакын Инкар» диний-экстремисттик кыймылынын радикалдык-экстремисттик идеологиясынын зыяндуулугун толук түшүнүп, мындан ары аталган уюмга мүчөлүктөн өз ыктыяры менен баш тартып, салттуу исламды карманууну убадалады.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button