Саясат

Садыр Жапаров Акыйкатчы Жаманбаеваны аялдарга жана балдарга жасалган зомбулук фактыларына ыкчам чара көрүүгө чакырды

Президент Садыр Жапаров кечээ, 13-майда өлкөнүн акыйкатчысы Жамиля Жаманбаеваны кабыл алды.

Анда мамлекет башчыга адам укуктарын коргоо боюнча Акыйкатчы институтунун ишмердүүлүгү, ошондой эле мыйзамдарды жакшыртуу жана жарандардын укуктарынын сакталышын камсыздоо механизмдери боюнча чаралар тууралуу маалымат берилди.

Садыр Жапаров адам укуктарын коргоо боюнча Акыйкатчы институтунун ишмердүүлүгүн күчөтүү зарылдыгын айтып, аялдарга жана балдарга карата зомбулук фактыларына ыкчам жооп кайтаруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Мамлекет башчысы жарандардын укуктарын коргоодо, укук бузуулардын алдын алууда жана сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууда акыйкатчынын ролу конституциялык нормаларды жана адам укуктарын коргоонун эл аралык стандарттарын сактоонун кепилдигинин маанилүү элементи экенин белгиледи.

Президент Садыр Жапаров Акыйкатчы институтунун алдына коюлган милдеттерди аткарууда ишмердүүлүгүн күчөтүүгө ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирип, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча алдыңкы тажрыйбаларды алмашууда эл аралык кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button