Кылмыш-кырсык

ИИМ: Жалал-Абадда аткезчилик менен алектенген жаран жасалма акча менен кармалды

2024-жылдын 10-май күнү ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери УКМКнын облустук башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте Аксы жана Ала-Бука райондорунда ыкчам иликтѳѳ иштерин жүргүзүү учурунда Аксы районунун тургуну 1967-жылы туулган К.К.М. ѳзүнүн Ѳзбекстандын жарандарынан турган белгисиз кылмыштуу тобу менен Ѳзбекстандан баңгизаттарды жана жасалма акчаларды аткезчилик жолу аркылуу ташуу менен алектенип жүргѳндүгү тууралуу маалымат алынган.
2024-жылдын 10-май күнү саат 13:30 чамасында Ала-Бука районунун тургуну К.К.М. токтотуп текшерген учурда анын жанында Ѳзбекстан Республикасынан аткезчилик жолу менен алып ѳткѳн ар бири 100 (жүз) АКШ долларлык купюрада болгон 20 даана жалпысынан 2000 (эки миң) жасалма АКШ долларлары бар экендиги аныкталып, алынды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти.


Аталган окуя Ала-Бука РИИБде катталып, тергѳѳ чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.
Азыркы учурда К.М. аттуу жарандын кылмыштуу аракеттерине катыштыгы бар болгон башка жарандарды аныктоо үчүн ыкчам иштер жүргүлүзүүдѳ.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button