Кылмыш-кырсык

Бишкек жана Чүйдө үч баңгизат лабораториясы жок кылынды

Мамлекеттик бажы кызматы, ИИМ жана УКМКнын кызматкерлеринин аракети менен трансулуттук уюшкан кылмыштуу баңги тобу жоюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жогоруда аталган топ баңгизатын чет өлкөлөрдөн Кыргызстандын аймагына жеткирүүнүн жана сатуунун туруктуу каналын түзгөн.

Операциянын алкагында сутка ичинде Кыргызстандын 11 жараны, Россиянын 1 жараны кармалып, Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Алардын алтоо уюшкан кылмыштуу баңги тобунун мүчөлөрү болуп саналат.

Шектүүлөр Бишкек шаарында жана Чүй облусунун аймагында үч баңги лаборатория уюштурган. Мындан тышкары, органикалык баңгизаттарды саткан Gangzilla интернет-дүкөнү аныкталган. Интернет дүкөндүн негиздөөчүсү жана куратору кармалды.

Тергөөнүн алкагында 10 килограммдан ашуун марихуана («бүчүрлөр»), 75 бөтөлкө гашиш майы, гидропондук ыкма менен өстүрүлгөн 38 гибрид кара куурай бадалдары, баңги лабораториясынын жана интернет-дүкөндүн ишмердигинде колдонулган ар кандай буюмдар жана техникалык жабдуулар алынган.

Белгилей кетсек, алынган баңгизаттын наркы, аларды саткан учурда алдын ала эсептөөлөр боюнча 50 млн сомду түзөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button