Коом

Баткенде кызмат учурунда каза болгон милиционерлер эскерилди

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы жетекчилик менен биргеликте бүгүн башкармалыктын имаратында кызмат учурунда каза болгон кызматкерлерди эскеришти. Бул эскерүүгө кызмат учурунда каза болгон кызматкерлердин үй-бүлөлөрү, жакындары, ИИОнун ардагерлери жана облустук казыяттан өкүл келип катышты. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматынан билдиришти.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгы 1999-жылы түптөлгөн. Ошол түптөлгөн жылдан бери кызматтык милдетин аткаруу учурунда 19 кызматкерибиз катарыбыздан азайган….
Баткен ОИИБдин башчысы милициянын полковниги Улан Жукенов: “Кызмат учурунда каза болгон кесиптештерибиздин ар биринин өз тагдыры, өз эрдиги бар. Алар тартип үчүн кан-жанын аябай кызмат кылышты. Баткенде кызмат өтөө башка аймактарга салыштырмалуу бир топ оор экенин билебиз. Арабыздан кеткен кесиптештерибиз оор кырдаал маалда эрдигин, чечкиндүүлүгүн, тайманбастыгын көрсөтүштү. Алардын эрдиги дайыма эсибизде калат. Үй-бүлөлөрүнө моралдык жана материалдык жардамдар берилип, майрам күндөрү ал-ахыбал сурап колдон келген жардамдарды аябайбыз. Кызмат учурунда каза болгон айрым кесиптештерибиздин ысымы көчөлөргө, айылдык милиция бөлүмчөлөрүбүзгө ыйгарылган.
Мындан ары катарыбызда жоготуулар, көз жаштар болбосун. Жакшылык ар дайым бардык жамандыкты жеңип, жылмаюу менен күлкүгө толгон бактылуу убакыт өкүм сүрсүн” деп өз сөзүндө белгилеп кетти.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button