Коом

ТҮРКСОЙ Чыңгыз Айтматовдун айкелин тургузууга көмөктөшкөн Венера Кожоеваны сыйлады

Түркиянын Анталья шаарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелигин орнотконго көмөктөшкөн кыргызстандык Венера Кожоева ТҮРКСОЙдун сыйлыгы менен сыйланды. Бул тууралуу сыйлык ээси социалдык тармактарга жазган жана “Кабар” агенттигине билдирген.

Анын айтымында, сыйлыкты ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы Султан Раев тапшырды.

“ТҮРКСОЙдун сыйлыгын алганыма кубанычтамын. Чынын айтканда кыргыздын кызы катары Антальяда улуу жазуучубуздун эстелигин каржылап, орнотууга салым кошконума кубанам. Кадамжай районундагы үч мектептин окуучуларына туугандарым менен биргеликте стипендия берип, белектерди тапшырып турабыз. Айтматовдун томдуктарын таратканыбызда, бир окуучу кыз жазуучунун чыгармаларына аябай кызыкканын, кыялы орундалганын айткан. Анын окууга кызыгуусу, жазуучубузга урматы мага абдан таасир берген. Мунун баары атамдан алган тарбиябыздын негизи жана кыргыздын кызы катары милдетим деп билем”, — деди Венера Кожоева.

Эске салсак, Антальянын Муратпаша муниципалитетинин аймагындагы Чыңгыз Айтматов атындагы сейил бакта былтыр ноябрь айында китепкана ачылып, жазуучунун реставрацияланган бюсту орнотулган.

Бюсту калыбына келтирүү долбоору Анталья шаарындагы Кыргызстандын башкы консулдугунун демилгеси жана Аланияда ишкерлик менен алектенген Венера Кожоеванын көмөгү аркылуу жүзөгө ашкан.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button