Коом

ИИМ: Кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда курман болгон кызматкерлер эскерилди

15-май күнү жыл сайын Кыргызстанда кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда курман болгон Кыргыз Республикасынын ИИМдин жана ички аскерлердин аскер кызматчыларынын жаркын эслестери эскерилип келет.

Бүгүн, 15-май күнү ИИМдин борбордук аппаратында өткөн эскерүү иш-чарасына ички иштер министринин орун басары милициянын генерал майору Адылбек Бийбосунов, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев, ИИМдин башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын, кызматтарынын башчылары жана өздүк курамы, курман болгон кызматкерлердин туугандары жана жакындары катышты. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти.

“Биз бүгүн кызмат учурунда эрдик менен коомдук тартипти камсыздоодо каза болгон кызматкерлердин жана ички аскерлеринин жоокерлерин жаркын элесин эскерүүгө чогулдук. “Даңк” мемориалы — бул кызмат учурунда көз жумган кызматкерлердин жаркын элестерин урматтоо, эр жүрөктүктүн, мекенчилдиктин жана Ата-Мекенге болгон сүйүүнүн символу, муну эстен чыгарбоо менен эскерип туруу жана келечек муундарга бул элести өткөрүп берүү биздин милдетибиз. Биздин аталарыбыздын, агаларыбыздын эрдиги тарых болуп, келечек муундар үчүн үлгү болду жана алардын эр жүрөк тайманбастыгы кыргыз милициясынын тарыхында түбөлүк орун алды. Элим деп, жерим деп жанын берген кесиптештерим тууралуу ондогон адабий-документалдуу китептер, фильмдер, эрдикти даңазалаган чыгармалар жазылды. Албетте, бул да аздык кылат. Эр жүрөк кызматкерлерибизге алардын эрдиктери үчүн баш ийип таазим кылабыз”, — деп билдирди Адылбек Бийбосунов.
1918-жылдан 1991-жылга чейин республиканын аймагында ички иштер органдарынын 87 кызматкери, ал эми 1991-жылдан ушул күнгө чейин 63 кызматкери кызмат учурунда курман болушкан. Өз өмүрүн аябастан, Мекен алдындагы милдетине берилген бойдон калган милиция кызматкерлеринин эрдиги биздин эсибизде ар дайым сакталып калат. Алардын ысымдары биздин өлкөнүн тарыхында түбөлүккө жазылып кала берет.
“Баатырлар Сиздерге таазим кылабыз жана Сиздер жараткан эрдиктерди эч качан унутпай келечек муундарга айта журүү биздин милдет. Ички иштер органдарынын жана ички аскерлердин кызматкерлери жарандардын коопсуздугу үчүн, тынчтык үчүн, коомдук тартип үчүн өздөрүнүн милдеттерин так аткарышып, баатырларча курман болушту. Биз аларды эч качан унутпайбыз”, — деп өз сөзүн жыйынтыктады министрдин орун басары.
ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев Ардагерлер кеңешинин атынан сөз сүйлөп, “Ички иштер органдарынын ардагерлер кеңешинин сунушу менен “Даңк” мемориалы 15 жыл мурун ушул жерге коюлган. Бул кызмат учурунда каза болгон кызматкерлердин жакындары келип, таазим кылып, жанын берген кызматы унутулуп калбагандыгын билиши керек. «Арбак ыраазы болмоюн, тирүүлөрдүн иши оңолбойт деп айтылат, биздин арабызда жок кызматкерлер биздин жүрөгүбүздө ар дайым сакталуу бойдон калат”, — деп баса белгиледи.
Иш-чаранын аягында кызмат учурунда курман болгон ички иштер органдарынын кызматкерлеринин жаркын элестери үчүн арналган мемориалга гүлдөр коюлуп, бир мүнөттүк эскерүү болду. Бүгүн республика боюнча ИИМдин аймактык бөлүктөрүндө дагы кызматтык учурунда курман болгон кызматкерлерди эскерүүгө арналган иш-чаралар туугандарынын катышуусунда өтүп, алардын мемориалдарына гүл чамбарлар коюлууда. Милиция кызматкерлери эрдиктин жана кайраттуулуктун үлгүсү болгон жолдошторунун жаркын элестерин ар дайым эскеришип, алардын алдында таазим этишет.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button