Коом

Раззаков шаарында милиция кызматкерлери үчүн 32 батирлүү үйдүн курулушу башталды

Раззаков шаарында милиция кызматкерлери үчүн турак үйдүн курулушу башталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, турак үй куруу ички иштер министри Улан Ниязбеков тарабынан демилгеленген. Бүгүн Лейлек РИИБдин кызматкерлери үчүн 32 батирлүү кызматтык турак үйдүн курулушу башталып, пайдубалына капсула салынды.

Иш-чарага президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Туллаев, Баткен ОИИБдин башчысы Улан Жукенов, Лейлек районунун акими Канимет Осмонбеков, Лейлек РИИБдин башчысы Кожобек Козубаев, райондогу жергиликтүү жетекчилер, айыл тургундары жана райондук милициянын өздүк курамы катышты.

Курулуш иштери ИИМдин Курулуш монтаждоо башкармалыгы тарабынан колго алынып, турак үйдү Кыргыз милициясынын 100 жылдык майрамына карата бүткөрүү пландалууда.

Эске сала кетсек, буга чейин Раззаков шаарында милиция кызматкерлери үчүн салынган кызматтык үй болгон эмес.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button