Коом

16-майга карата аба ырайы

Бейшемби күнү көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл жана Нарын жергесинде +23…+28, Таласта +21…+26, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +26…+31 градус ысыйт.
Бишкек менен Ошто күндүн экинчи жарымында нөшөрлүү жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Күндүн табы борбор калаада +24…+26, Ошто +28…+30 градуска көтөрүлөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button