Коом

Бишкекте 18-майда «Музейдеги түн» өтөт

Бишкекте «Музейдеги түн» иш-чарасы өтөт. Маалыматка ылайык, 18-майда саат 17:00дөн 22:00гө чейин Бишкектеги музейлердинэшиги борбор калаанын бардык тургундары жана коноктору үчүн ачык болот.

«Келүүчүлөргө көрүнүктүү инсандардын өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу кызыктуу экскурсиялар уюштурулуп, даректүү тасмалар көрсөтүлөт. Сүрөт тартуу, скульптура жасоо, шуру токуу, токуу боюнча мастер-класстар өтүп, поэзия кечеси уюштурулат», — деп айтылат маалыматта.

Шаар тургундары жана коноктору төмөнкү музейлерде бара алат:

— Ольга Мануилованын мемориалдык музей-үйү. Тыныстанов көчөсү, 108, телефон: 66 11 74;
— Семен Чуйковдун мемориалдык үй-музейи, Чуйков көчөсү, 87а, телефон: 30 33 64;
— Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик адабият жана искусство музейи. Токтогул көчөсү, 109, телефон: 62 38 30;
— Сүймөнкул Чокморовдун музей-өнөрканасы. Токтогул көчөсү, 170, телефон: 88 46 11;
— Аалы Токомбаевдин мемориалдык үй-музейи. Чуйков көчөсү, 109, телефон: 30 03 57;
— Гапар Айтиевдин музей-өнөрканасы. Тыныстанов көчөсү, 78, телефон 62 31 66.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button