![](https://kadam-media.kg/wp-content/uploads/2024/05/ыв-780x470.jpg)
Саясат
«Орто-Токой» жана «Папан» суу сактагычтарына ГЭС курулат – Садыр Жапаров
“Орто-Токой” жана “Папан” суу сактагычтарына ГЭС курулат.
Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, бул тууралуу Садыр Жапаров Таластагы Бала-Саруу чакан ГЭСинин ачылышында сүйлөп жатып билдирди.
«Буюрса, тиешелүү келишимдерге кол коюлуп, жакын арада бул объектилерде жаңы ГЭСтер курула баштайт», — деди мамлекет башчы.