Коом

Милиция кызматкери Акылбек уулу Эржан таяк тартыш боюнча Азия чемпиону болду

ИИМдин Күзөт кызматынын Бишкек шаарынын Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн батальонунун милиционери милициянын прапорщиги Акылбек уулу Эржан 2024-жылдын 15-19-май күндөрү Өзбекстан Республикасынын Нукус шаарында Таяк тартыш боюнча Азия өлкөлөрүнүн арасынан байгелүү 1-орунга ээ болуп, Таяк тартыш боюнча Азия чемпиону болду. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти.

Азия чемпиону болгон милиция кызматкерин 20-май күнү ИИМдин Күзөт кызматынын Бишкек шаарынын Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн башчысы милициянын полковниги Сагын Орозалиевдин демилгеси менен бөлүмдүн өздүк курамы салтанаттуу түрдө Т.Усубалиев атындагы аянттан тосуп алышып, куттуктоо сөздөрүн айтышты.
Жеңиш менен кайткан милициянын прапорщиги Акылбек уулу Эржанга кесиптештери мындан ары дагы кызматында дагы, спортто дагы ийгиликтерди жарата беришин каалашты.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button