Коом

Айбек Жунушалиев коомдук транспортто жүрүү тапшырмасын аткарбагандарга эскертүү жана сөгүш берди

Бишкек мэри Айбек Жунушалиевдин тапшырмасын аткарбаган муниципалдык кызматкерлерге эскертүү жана сөгүш берилди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Буга чейин калаа башчысы кол алдындагы кызматкерлерге шейшемби жана бейшемби күндөрү коомдук транспортто жүрүүнү тапшырган. Кызматтык унаалар шашылыш учурларда гана колдонулары белгиленген.
«Тийиштүү көзөмөл болбогондугу үчүн калаа башчысы борбордук аппараттын жетекчиси М.М.Исаковго жана уюштуруу-контролдук иштер башкармалыгынын башчысы К.А. Акматбековго эскертүү берди», — деп айтылат маалыматта.
Эскертүү берилген башка адамдар:

Биринчи май районунун акими У.Сарылбек уулу;

Свердлов районунун акими К.М. Айтакунов;

Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин директору У.М. Мусаев;

Муниципалдык инспекциянын башчысы М.А. Амангелдиев;

«Бишкек суу канал» ишканасынын башчысы Ч.З. Жумалиев;

«Бишкек башкы архитектура» муниципалдык ишканасынын башчысынын биринчи орун басары А.Д. Акимов.

Мындан тышкары, Ленин райондук администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Бакы Караевге катуу сөгүш, «Бишкек башкы архитектура» муниципалдык ишканасынын башчысынын орун басары Назгүл Койбагаровага сөгүш жарыяланды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button