![](https://kadam-media.kg/wp-content/uploads/2024/05/ывыа-683x470.jpg)
Аппаз Жайнаков атындагы Баткен областык музыкалык-драма театры Бишкек шаарына гастролдук сапар менен келишти.
Бүгүн, 21-майда театр жамааты Бишкек шаарынын тургундарына Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрында Аскар Ражабалиевдин калемине таандык «Ыйык жандар» спектаклин тартуулады.
![](https://kadam-media.kg/wp-content/uploads/2024/05/арпроро.jpg)
![](https://kadam-media.kg/wp-content/uploads/2024/05/апа.jpg)
![](https://kadam-media.kg/wp-content/uploads/2024/05/пр222.jpg)
Спектаклди сахналаштырган Кыргыз Республикасынын эл артисти, режиссёр Талант Апиев, койгон сүрөтчүсү Айдар Айтматов, музыкасын койгон Алтынбек Нажимидинов.
Спектаклде 2022-жылы сентябрда Баткендеги чек ара окуясында каза болгон чек арачы Жеңишбек Иманбек уулунун баатырдыгы, мекенди коргоодогу эрдиги, сүйүүсү, анын көзү өткөн соң, агасынын аманатын аздектеп, анын сүйүктүүсүнө баш кошкон инисинин окуясы чагылдырылат.
Аталган театр эртең, 22-майда Кыргыз эл жазуучусу Султан Раевдин «Маң миң бир түн» аттуу спектаклин коюшат.