Коом

Юстиция министрлиги: 976 адвокат лицензиясынан ажыратылат. Тизме

Юстиция министрлиги 976 адамдын адвокаттык иш жүргүзүүгө болгон
лицензиясын токтотуу чечимин карайт.
Министрлик адвокаттык лицензиялардын статусу жөнүндө маалыматтарды
системалаштыруу, актуалдаштыруу жана инвентаризациялоо боюнча иштерди
жүргүзүп жатат.
Ишмердүүлүгү карала турчу адвокаттардын арасында учурда иштеп жаткан жана
токтоп турган жактар бар. Инвентаризациялоо процессинде «КР Адвокатурасы жана
адвокаттык иш жөнүндө» КР мыйзамынын жоболорунун талаптарын сактоо анын
ичинде 2(1), 23(2), 26(1) беренелерди бузуунун мүмкүн болгон фактылары, адвокаттык
иштин этикасын жана КР мыйзамдарынын башка талаптарын сактоо маселелери
иликтенет.
Көрсөтүлгөн иштер жүргүзүлүп жаткан адвокаттарга карата тизме менен Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин сайтынан таанышууга болот: http://minjust.gov.kg/ky/news/view/id/3521/

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button