Коом

Улуттук банк валюта рыногунан 31,5 млн доллар сатып алды

Күн мурун Кыргызстандын Улуттук банкы 31 млн 500 миң долларга валюталык интервенция жасады. Бул тууралуу банктын сайтында маалымдалат.

Улуттук банк ушуну менен жыл башынан бери 7-ирет чет элдик валютаны сатып алып, тескери интервенция жүргүзүүдө.

Учурда Кыргызстанда доллардын расмий курсу 1 доллар 88,15 сомду, евро 95,79 сомду түзүүдө.

Эскерте кетсек, буга чейин Улуттук банк 7-майда — 17,7 млн доллар, 26-апрелде — 24,5 млн доллар, 22-апрелде — 25 млн 850 миң доллар, 16-апроелде — 19,2 млн доллар, 8-апрелде — 17,1 млн доллар жана 29-мартта 9 млн доллар сатып алган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button