КоомКылмыш-кырсык

УКМК: Кыргызстанда абалды туруксуздаштыруу, бийликти басып алуу тууралуу маалымат тараткандар жоопкерчиликке тартылат

КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун айрым мүчөлөрү жана деструктивдүү саясий күчтөр тарабынан КР аймагында региондор аралык негизде кырдаалды туруксуздаштыруу, андан кийин  бийликти күч менен басып алуу максатында чагымчыл видео тасма даярдалганы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Аталган видеону уюштурууга жана даярдоого катышкан бардык адамдар аныкталып, учурда алардын мыйзамсыз аракеттерин документтештирүү боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

КР УКМК расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутууга, ошондой эле массалык баш аламандыктарды уюштурууга жана аларга катышууга багытталган аракеттер үчүн 15 жылга чейин эркинен ажыратуу боюнча кылмыш-жаза жоопкерчилигин эскертет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button